«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Мектеп окуучулары жалпы ишембиликке чыгышты

Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр  орто мектебинде 20-апрель ишембилик болуп өттү. Ишембиликке  жалпы мектеп окуучулары жана ошондой эле мугалимдердин катышуусунда болду.

Ишембилик учурунда  мектептин айланасы толугу менен таштандылардан тазаланды. Окуучуларга кол көбөк кылып мугалимдер жамааты дагы  таштандыларды  чогултуп жүрүштү. Бул жыл сайын өтүлүүчү ишембилик. Андан тышкары мугалимдер жааматы мектеп катарында жайгашкан Эсенкан Алымкулов көчөсүнүн  таштандыларын тазалашты.

Ишембилик тууралуу Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин президенти төмөнкүчө маек берди:

 

» Ишембиликти жыл сайын мектеп окуучулары мектептин  айланасын тазалап, таштандыларды чогултуп турушат. Бул өзүбүзгө эле жакшы анткени биз жарым күнүбүздү мектепте өткөрөбүз. Баарыбыз билгендей эле таштанды канчалык көп болсо, ошончолук адамдын ден-соолугуна зыян, ошол үчун биз таштандынын айынан ден-соолугубузду бузуп албаш үчүн  ишембиликте мектептин айланасын тазалап турушубуз зарыл. Мүмкүн болсо адамдар өзүбүз таштандыны жерге таштабай өзүбүздүн ден-соолугубузду ойлосок жакшы болмок»

 

 

 

Айзирек Жанышбекова