Суусамыр айылынын кулуну, «Байтур» фирмасынын президенти Тынчтык Конушбаев жаны жылдын алдында жыл сайын мектеп окуучуларына, мугалимдерге белектерди тартуулап келет.
Бугун да бул саамалык Суусамыр айылындагы беш орто мектепте улантылды. Мындан тышкары жеке ишкер Т.Конушбаев 12 жылдан бери «Жыл мугалими» кароо сынагын откоруп келет жана алдынкы окуучулар учун жаз айында дем беруучу стипендиялар менен сыйлайт.
«Биз бул белектерди уй-булобуз менен бирге отуруп даярдайбыз, чын журогубуздон. Окуучулар, мугалимдер жана мед.кызматкерлерге жыл сайын салт катары белек беребиз. Суусамырдын суугуна карабастан, эл учун кызмат кылып жургондорго ийгилик жана ыраазычылык билдирем, окуучуларга окууларына ийгилик каалайм «,- дейт Т.Конушбаев.
Мындай иш чаранын отуп жаткандыгына ата-энелер дагы чон кубанычта. Алар атайын Тынчтык агайга рахмат айтуу учун келишкен.
Ал эми окуучулар тынчтык агайга ыраазычылык билдирип, келечекте Т.Конушбаев сыяктуу патриот адам болууга умтулаарын айтышты.
Даярдаган: Чурок Калдарбекова