«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр fm радиосуна Польшадан эксперттер келди.

19 Март 2015 жыл 21:56
Көрүүлөрдүн саны: 185

     Чыгыш Европа демократиялык фондунун жарыяланган гранттык сынагынын негизинде Суусамыр FM радиосу эксперттик колдоо долбоорун жеңип алган.

Натыйжада Польшадан эки эксперт келип, радионун башкаруу ишин жана туруктуулугу боюнча 3 күн иш алып барышты.

image

Алар менен маектешти уга билүү, коммуникация,радиого текст жазуу,бизнес план түзүү темасында бирдиктүү иш алып барылды.Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча Ж.М.К. ларын колдоо долбоорунун координатору Агнешка Маковска долбоордун максаты жана жергиликтүү радиодон кандай жыйынтыкты күтөөрүн айтты.

image

      Польшадан келген эксперт Марек Колдрас 20 жылдан бери радио тармагында эмгектенет.18 жыл жергиликтүү радиодо башкы редактор болуп иштеп,андан тышкары теледе жана газетада да иштеген.Акыркы жарым жылда Америкадагы Польша радиосунда эмгектенет. Ал жергиликтүү радионун ишин жакшыртууга өз кеңешин берди.

image

       Жергиликтүү Ж.М.К. колдоо долбоорунун негизинде Суусамыр fm радиосунда өнүктүрүү боюнча пландар түзүлүп,туруктуу иштөө үчүн жолдор ачылат деп ишенебиз.

image

Даярдаган:Чүрөк Калдарбекова,Нуркыз Намазбекова .