Суусамыр fm радиосуна 23-мартта биз «Суусамыр» командасынын мүчөсү Көк-бөрү боюнча эл аралык спорттун чебери Мухамбет Койчукеевди чакырдык.
Түз эфирде «Элдин үнү» программасында Көк-бөрү боюнча Мухамбет Койчукеевге суроолор берилди.Андан «Суусамыр» командасынын жетишкендиктери,спонсорлору,машыгуулары жөнүндө маалымат ала алдык.Андан тышкары айыл тургундарынан СМС аркылуу суроолор келип түштү.