Апрель айынын биринчи күнүндө, Суусамыр айылында райондук ыр кесе болуп өттү.
Жайыл району боюнча 12 айыл өкмөт, мэрияны кошкондо 13болду. Бул ыр кесенин максаты айыл ичиндеги сыртка чыкпаган таланттарды жыйноо жана каада-салттарды кийинки муундарга өткөрүп берүү .
Суусамыр айылында болуп өткөн ыр кесе жөнүндө Суусамыр айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Талант Асаналиев мындай деди:
«Суусамыр өрөөнүндө 5 айыл бар.Бул ыр-кесеге ар бир айылдан келип катышышат. Негизи биз 1 сааттын ичинде 15 номинацияны көрсөтүшүбүз керек.Элдик ыр,эстрадалык ыр, оозеки чыгармачылык,үй-бүлөөлүк ансамбль ж.б нерселерди аткарабыз.Ал эми ыр-кесенин жыйынтыгында 13 айыл өкмөттүн бири «Эң жакшы коюлду» деген гран приге ээ болуп , калгандарына 2-3 орундар берилет. Анан аягында эң жакшы деген номерлер чогултулуп, гала концерт берилет.»
Ал эми Суусамыр өрөөнү Ыр кесенин 12- болуп өткөрүп акыркы ыр кесени Кара-Балта шаарына өткөрүп берди.
Ошондой эле мэриядан ыр кесени көргөнү 3 адамдан түзүлгөн калыстар тобу келишти.Алардын бири Жайыл районунун Администрация башчысынын орун басары Анара Ниязова :»Суусамыр айылында да абдан таланттуулар көп экен. Негизгиси бизге үй- бүлөлүк ансамбль абдан жакты биз аны эске алдык.
Даярдаган: Чүрөк Калдарбекова
Нуркыз Намазбекова