2013-жылы жай мезгилинде Нур бала бакчасы ишке кирише баштаган.
Бирок Суусамыр жергеси суук жана Нур бала бакчасында каражат аз болгондуктан жылуулук болбой балдар үшүп жабылып калган.
Быйыл ата-энелердин күчү менен 2015-жылы 1-апрелден баштап Нур бала бакчасы ишке кирише баштады. Бул жөнүндө Токумова Нурбүбү мындай деди:
«Негизгиси биздин Суусамыр суук болгондугуна байланыштуу. Себеби кичинекей балдар жаш балдар алыс жактан да келишет.Анан ошондуктан жабууга туура келген. Анан да бизде бардык эле шарттар түзүлгөн. Бир гана ичинен чыккан суубуз жок. Негизгиси бардыгы эле бар деп айта кетем.»
Бул Нур бала бакчасы 20 орундуу. Төлөм акысы 1600 сомдон. Ата-энелер болсо электр энергиясын төлөп беришет. Ата-энелер бул Нур бала бакчасы токтобой иштесе экен дешет. Нур бала бакчасындагы тарбиячылар Суусамыр орто мектебинин эмгек сиңирген мугалимдери Карабекова Шайыр жана Нур бала бакчасынын жетекчиси Токумова Нурбүбү.
Даяардаган:Нуркыз Намазбекова Чүрөк Калдарбекова.