«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр айылындагы жаңы оорукана элге жакшы кызмат кылууда

20 Апрель 2015 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны: 138

Суусамыр айылында жаңы салынган оорукана күздөн бери ачылып ишке киришкен.


Оорукана эки кабаттуу болуп салынып, заманбап талаптарга жооп берет. Айыл тургундары оорукананын ачылганына кубанычта экенин айтышат. Учурда ооруканада дарыланып жаткан Майрам Эшенова төмөндөгүлөргө токтолду:

image

«Ооруканада бардык шарттары жакшы экен. Медайымдары жакшы карап жатышат. Мурдагы эски имаратка салыштырмалуу бир топ эле өйдө. Эшикке чыкпайбыз. Бардыгы ичинде экен».
Айша Тиленбаева Суусамыр ЦОВПсында үч жылдан бери санитар болуп эмгектенет. Ал өзүнүн ишинде көп жеңилдиктер болгонун айтты:
» Биз мурда сууну чакалап көчөдөн ташып келчибиз. Аны ысытып анан колдончубуз. Азыр бул жерде бардык шарттар бар. Суу ичинен чыгып, ташыбай калдык. Ысык суу, даараткана, душтары бар. Бизге абдан эле жеңил болуп калды».
Жаңы  салынган оорукана айыл тургундары үчүн  көп жылдар бою кызмат кылсын демекчибиз.
Даярдаган: Нуркыз Намазбекова