«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Депутаттын берген убадасын күтөбүз

21 Апрель 2015 жыл 18:10
Көрүүлөрдүн саны: 169

Бүгүн 21- апрелде Суусамыр айылында Жогорку кеңештин депутаты Туратбек Мадылбековдун эл менен жолугушуусу болду.

image

Чогулушта эң башкы маселе болуп, Бишкек-Ош жолундагы кайрылыштан Суусамыр айылына чейинки жолдун бузулушу көтөрүлдү.

image

Андан тышкары катышуучулар пенсия,жөлөк пул,жайыт, мал уурулук күчөп жаткандыгын, жазгы айдап-себүү тууралуу айтышты.

image

Акырында депутат Туратбек Мадылбеков 13 км жолго шагыл- таш түшүрүп оңдотуп берерин жана арзандатылган күйүүчү май, үрөн алууга жардам берерин айтты. Айыл тургундары эми жыйынтыгын күтөбүз дешти.