«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда тыбыт сатуу мезгили башталды

21 Апрель 2015 жыл 17:27
Көрүүлөрдүн саны: 266

Суусамыр өрөөнү тоолуу өрөөн болгондуктан айыл тургундары мал чарбачылык менен гана алектенишет.

image

Ар жылы жаздын башталышы менен айыл тургундары үчүн малдан кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.  Элдер эчкинин тыбытын тарап, аны сатып киреше табышат. Быйыл дагы айыл тургундары тыбыттын баасы жогору болот деп үмүттөнүүдө.
Нуркан Бекжанов көп жылдан бери тыбыт алып эмгектенет. Ал быйыл тыбыттын наркы тууралуу мындай деди:

image

» Жылда тыбыттын баасы кг 1500 сомдон 2000 сомго чейин болчу, быйыл болсо башталышы 1000 сомдон алынып жатат. Наркы жогорулайбы азыр белгисиз. Жаздын кеч келишине байланыштуу элдер көп тыбыт даярдай элек».
Даярдаган: Нуркыз Намазбекова