«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Тынчтык паркы жаңыланып жасалууда

13 Май 2015 жыл 11:21
Көрүүлөрдүн саны: 205

image

Суусамыр айылындагы парктын тегереги темир тосмолор менен курчалып, бактар отургузулат.

image

Оңдоп- түздөө иштери жөнүндө айыл өкмөт кызматкери Таалайбек Балтабаев мындай дейт:
» Паркты оңдоо демилгесин айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөт башчысы көтөрдү. Бюджеттен 50 000 сом бөлүнгөн, бирок курулуш материалдары 70000 сомго жетти. Мектеп окуучуларынын жардамы менен жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Даярдаган: Назима Чынгызова Айзада Калканбекова