«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Кенеден сак бололу

30 Май 2015 жыл 2:12
Көрүүлөрдүн саны: 172

Коркунчтуу вирустарды алып жүрүүчү курт-кумурскалардын  катарына жаз алды менен жандануучу кенелер кирет.
image

Анын активдүү мезгили жаз келип күн жылыгандан тарта сентябрь айына чейин созулат.Кенелер үчүн жаз жана жайдын башы абдан активдүү учур.Бул мезгил аралыгында өзүнүн андан аркы жашоо мүмкүнчүлүгүн улантуу жана көбөйүү максатында кан менен азыктанышы керек болот. Алар үчүн азыктын обьектилери ар кандай жаныбарлар анын ичинде ири жана майдй мүйүздүү мал,үй жаныбарлары, иттер менен мышыктар.Тилекке каршы адам дагы ушундай эле бута боло алат.
Бул жөнүндө оорукананын үй- бүлөөлүк дарыгери Дилдекан Кулукеева мындай деди: «Эгерде кене жабышып калганын көрсөңөр аны өз алдыңарча чыгарууга аракеттенбегиле .Анткени ал энцефалит оорусун алып жүрүүчү болушу ыктымал-, деди. Ошондой эле кене чагып алган учурда адамга кандай жардам көрсөтүш керек экендигин айтып берди.

image

Ал эми айыл тургундарынан «Кенеден кантип сактанасыз?»-деген суроо боюнча сурамжылоо жүргүздүк.Алар:»Өзгөчө кой кыркууда, кой кайтарып жүргөндө кенеден сактаныш керек. М: малды дарылап,мал менен алек болгондо колго кол кап кийип алыш керек деген сөздөрүн айтышты. Мындан тышкары Жайыл токой чарбасынын Суусамыр токой бөлүмүндөгү кызматкер: «Биздин жумуштун негизин токой чарбасы түзгөндүктөн.бизди жылына 2 ирээт кенеге каршы эмдөөдөн өткөрүп турушат «,-деп билдирди.

image

Биринчи байлык ден соолук дегендей ар бирибиз ден соолугубузга кам көрүп,кенеден сактанууга аракеттенели.

      dayar_emi_kene1

 

Даярдаган:Чүрөк Калдарбекова

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.