«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр айылында «Акыл ордо» долбоору болуп өттү.

20 Сентябрь 2015 жыл 12:20
Көрүүлөрдүн саны: 364

Суусамырда Конушбаев Тынчтыктын демөөрчүлүгү астында өрөөндүк деңгээлдеги «Акыл ордо» таймашы болуп өттү.

image

«Акыл ордо долбоорунун максаты окуучуларды билимге тартуу жана кызыктыруу.
«Бул таймашка 9-класстан өйдө окуучулар катышкан. Ар бир 5 мектеп өз ара таймашышты, эми жеңип чыккан окуучулар өрөөндө таймашат. Өрөөндөн жеңген окуучу КТРКге жолдомо алмакчы,ал эми калган окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар болот» дейт уюштуруучу Гүлмира Абдылдабекова.
image

«Акыл ордо» долбоорунун катышуучусу Назима Чыңгызова  таймаш абдан жаккандыгын айтты:
«Башында толкунданып жаткам  суроолор оңой эле экен, атаандаштарым күчтүү болду. Мен бул таймаштан кийин окуучуларды билимге чакырам».
Мектеп ичинде өтүлгөн «Акыл ордо» таймашын жеңген окуучулар өрөөнгө даярданып жатышат. Аларга ийгилик каалайбыз!

Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы