2014-жылы кабыл алынган жаны үлгүдөгү мектеп формасы Суусамыр айылында кийилгени жатат.
Мектеп формасынын үлгүсү: ак, боз, ток кызыл өңүндөгү галстугунда кыргыз оймосунун эн белгиси коюлган.
Мектеп формасынан кыргыз өкмөтү кайрадан баш тартса да Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Н.Гасановдун буйругу менен 1-октябрга чейин Суусамыр айылы толугу менен кийилгени турат.
Бул боюнча Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин директору Нурлан Эсеналиев төмөндөгүлөрдү айтып берди:
«Бизге Жайыл районунан атайын буйрук келген, жаңы үлгүдөгү мектеп формасы 1-октябрга чейин кийилсин деген. Бул буйрукка ата-энелер да туура көз караш менен карап жатышат. Анын үстүнө Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинде азыр 40%га жакын окуучу жаны форманы кийип жүрүшөт. Ошондуктан мен ойлойм жакында буюрса биздин мектепте толугу менен бирдиктүү мектеп формасы кийилип калат».
9-классынын окуучусу Назима Бакытбек кызы бирдиктүү мектеп формасын колдоорун айтты:
«Мен бул жаңы форманы колдойм. Мага абдан жакты,түзүлүшү,үлгүсү. Болгону баары толугу менен кийилсе дейм».
Билим берүү расмийлери бирдиктүү форма жашоо-шарты жана социалдык абалы ар түрдүү үй-бүлөлөрдөн келген балдардын ортосундагы ажырымды кыскартууга багытталган деп эсептейт.Андан тышкары кийим балдардын тарбиясы жана жүрүм-турумуна дагы таасир берет дешет алар.
Даярдаган: Самар кызы Зыйнат