«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда Курман айтта көбүнчө мектеп окуучулары айтташат

25 Сентябрь 2015 жыл 20:09
Көрүүлөрдүн саны: 145

Курман айтта мусулмандар бири- бирин куттукташып, мал курмандыкка чалышат. Бири- бирине зыярат кылышып, барган жеринее түркүн даамдарды татып, майрамдык маанайда өткөрүшөт.

image

Эл арасында жети үйдү кыдыруу керек деген сөз кеңири тарап, айыл тургундары бул сөзгө терең ишенип алышкан. Курман айтта кандай айттоо керектигин Суусамыр айылынын имамы Талантбек Турдукулов айтып берди:
» Ар бир үй- бүлө бири- биринин үйүнө кирип, ден соолугун сурап, жакшылык каалап, даам ооз тийүүгө тийиш. Алладан кечирим сураш парз. Бул Курман айт мусулмандардын бири бирине ыраазычылык айтуу, жакшылык тилөө менен чектелет. Мектеп окуучуларынын баштык көтөрүп айттаганына эч тыйуу салынбайт. Ал илгертен калган салт катары эсептесе болот. Айттаганга бардык жаш курагындагы мусулмандар укуктуу».

image

Курман айтта мектеп окуучулар кантип айттаганы тууралуу бөлүштү:
» Мен бул айтты жакшы көрөм. Окуучулар айттабаш керек деп айтышат, бирок мен кээде айттайм ,кээде айттабай деле калам».
Айтыңыздар маарек болсун!!!

Даярдаган: Назима Чыңгызова