«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Унаасыз жөө жүрүү күнүнө айдоочулар терс көз карашта

25 Сентябрь 2015 жыл 10:15
Көрүүлөрдүн саны: 188

22- сентябрь бүткүл дүйнөлүк унаадан баш тартуу күнү деп белгиленип келет. Бул күн эң биринчи жолу Испанияда белгиленген. Унаадан баш тартуу күнүнүн эң негизги максаты  адамдардын ден- соолугуна кам көрүү жана абанын булганышын азайтуу болуп саналат.

image

Орусияда бул майрам 2008- жылдан бери белгиленип келет. Бишкек шаарында азыркы күндө 700000 автоунаа каттодон өткөн. Өзгөчө автоунаанын көптүгү биздин өлкөдө кезигет. Ал эми Суусамыр өрөөнүндө да акыркы убактарда бир үйдө бир же андан ашык унаа болгондугу байкалат. Алардын көпчүлүгү такси айдоочулугу менен алектенет.

image

Айдоочу Максат Ш.такси айдоо кандай кыйынчылыктарга алып келерин айтып берген:
» Бизге күнүгө ашуу ашкан абдан оор. Анткени абасы бийик, андан тышкары, жолдо ар кандай окуялар болот. Дөңгөлөк жарылат же унаа тыгындарына кабылабыз. Ал эми унаасыз жүрүү күнүнө мен каршымын. Анткени мен күнүгө машинам менен акча табам».
Башка айдоочулардын айтымына караганда унаасыз жөө жүргөндө эч жумуш бүтпөйт жана убакытты көп талап кылаарын билдиришти.

image

Унаадан баш тартуу күнүнүн максаттары ар кандай: нефти продуктуларын да үнөмдөө максатында жүргүзүлөт.

Даярдаган: Нуркыз Бактыбекова, Бегимай Руслан кызы.