«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда метеостанция активдүү иштеп келет

4 Октябрь 2015 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны: 96

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасын, нымдуулугун, кургактыгын аныктоочу метеостанция активдүү иштеп келет.

image

Суусамыр өрөөнү тоолуу аймакта жайгашып жана климаты катаал болгондуктан аба- ырайы тууралуу маалымат билүү абдан маанилүү. Суусамыр өрөөнүндө абанын тез- тез өзгөрүшүн байкоого болот. Кыш мезгилиндеги абанын жогорку температурасы -45‘ чейин жетет.

image

Эми Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары аба — ырайы тууралуу маалыматты СМС аркылуу ала алышат. Бул тууралуу метеостанциянын башкаруучусу Даниил Сапышев мындай дейт:
«бул метеостанция 1962- жылы түзүлгөн, ошондон бери иштеп келе
жатат.

image

Бир суткада 8 жолу текшеребиз. Эс алуу деген болбойт. Ар бир 3 саат сайын көзөмөл кылып турабыз, күнү- түнү дебей. Бирок аппараттар жакын, көнүп калганбыз. «Снегосьемка» кылган учурда 2 километрге чейин барып, кардын бийиктигин, калыңдыгын, нымдуулугун жана тоңчулугун эсептейбиз. Мунун бардыгы албетте, оордук келтирет, бирок азыр жеңил эч нерсе жок да. Илим,техниканын өнүгүшү менен, былтыр автоматтык станцияларды курдук. Азыр каалаган Суусамыр эли, айына 35 сом төлөп, 3 күн мурда аба — ырайы тууралуу маалымат алып турса болот. Метеостанцияда болсо приборлор жаңыртылды.»

image

Айыл тургуну Жолдошбек Шаршенбеков аба — ырайы тууралуу маалыматтарды ар кандай булактардан алат:
«Мен телефондон жана телевизордон   маалымат алам. СМС тууралуу былтыр уккам, бирок колдонбойм»,- деди ал.
Даярдаган: Бегимай Руслан кызы