Суусамыр айылында көчөлөр жарык менен камсыз болууда. Айылда башкы эки көчө бар. Алар Тынчтык жана Жибек жолу көчөлөрү. Сентябрь айынан баштап бул көчөлөр жарыктандырыла баштады.
Бул тууралуу Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Отунчиев Урмат Шайлообекович төмөндөгүлөргө токтолду: «Көчөлөрдү жарыктандырууга айыл өкмөтүнөн жүз миң сом бөлүнгөн. Тынчтык көчөсүн толугу менен жарыктандырдык, эми дагы эки көчөнү жарыктандырууну ойлонуштуруп жатабыз.»
Айыл тургуну Жумагулова Салтанат айыл өкмөтүнө ыраазы болуп, иштерине ийгилик кааларын айтты: » Айыл өкмөтүнө рахмат. Элдерге жакшы эле болду, айрыкча кары- картаңдарга караңгыда жарык болуп калды.»
Эскерте кетсек буга чейин КСДП партиясы Тунук айылынан Кызыл-Ой айылына чейин жарыктандырган.
Мурда көчөлөрдө жарык жок болгондуктан караңгыда элдерге көйгөй жаратып келген.
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы.