«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр кымыз менен куруттун мекени

26 Октябрь 2015 жыл 20:07
Көрүүлөрдүн саны: 127

Суусамыр  өрөөнү  кымыз  менен  куруттун  мекени  деп  айтылып  келет. Себеби  Бишкек Ош  жолундагы  сатуучулардын  көпчүлүгү  курут  жана  кымыз  сатуу  менен  алектенишет. Чындыгында  жолдо  кетип  бара  жаткан  адамга  куруттун ар  кандай  түрлөрүн  көрүүгө  болот.

image

image

Кымыз  курут  сатуу  менен  алектенген  сатуучулардын  да  оюн  угуп  көрдүк:
«Куруттун  ар  кандай  түрлөрү  болот. Мисалга  туздуу, майлуу, майы аз  жана  чөбөгө  кошулган. Баасы  да  түрүнө, көлөмүнө  жараша  болот. Соодага  жараша  күнүнө  бизде  эки  үч  килограммга  жакын  курут  өтүп  турат. Кымыз  деле ошол  күнүнө  жыйырма  литрге  жакын  өтүп  турат».

image

Кымыздын  дарычылык  касиети  бар  болгондуктан  көпчүлүк  адамдар  Суусамыр  жайлоосуна   кымыз  ичип, ден — соолугун  чыңдоого  жайкысын  келип  турушат.

Даярдаган: Зыйнат  Самарбек  кызы.
Сынак үчүн.