Кыргызстанда акыркы жылдары калктын мите курттар менен жабыркашы жыл сайын 29 миңден 40 миңге чейин жетүүдө.Паразитология — бул грек тилинен алганда мите курт жөнүндөгү илим — дегенди түшүндүрөт. Мите курттардын 350 миңге жакын түрү бар. Кыргызстанда анын 25ге жакын түрү кездешет.
Мите курт ооруусуна каршы Суусамыр айылындагы мектептерде 4-класска чейинки окуучуларга дары берилди.Бул боюнча Суусамыр айылдык оорууканасынын үй бүлөөлүк дарыгери Дилдекан Медербековна төмөндөгүлөргө токтолду:
«Бизде жыл сайын кичинекей балдарга мите курт ооруларына каршы дары берилет.Бул даарылар өкмөт тарабынан бөлүнүп келинет.Мите курт ооруусу кир колдордон жугат.Азыркы учурда бплдарга да ата энелерге да колду таза алып жүрүү жөнүндө эскертүү берип жатабыз.»
4-класстын окуучусу Байтур Кадыржанов берилип жаткан дарылардын пайдалуу экенин билдик дейт:
» Бизге мите курт оорууларына каршы дары берилди.» Доктурлар бул дарылар ичти оорутпайт, дайыма колуңарды ойноп келгенден кийин таза жуугула» дешти.Биз эми дайыма өзүбүздүн денсоолугубуз үчүн колдорубузду таза алып жүрөбүз.»
Даярдаган:Зыйнат Самарбек кызы
Сынак үчүн