Суусамыр FM радиосунда учурда көйгөйлүү болуп жаткан экстремизм тууралуу талкуу «Заман» уктуруусунда талкууланды.
Студияга Суусамыр айылдык милиция башкармалыгынын башчысы Асылбек уулу Сьездбек жана имам Мирбек Казаков чакырылган. Талкуу учурунда диний экстремизмдин алдын — алуу үчүн имам жана милиция кызматкерлери биргелешип иш алып барышыбыз керек деген ойлор айтылды.
Милиция кызматкери Суусамыр өрөөнүндө диний экстремизмге азгырылган адамдар жок экендигин айтып, алдын — алуу иштерин да катуу жүргүзүп жаткандыгын айтты. Угармандар тарабынан СМС аркылуу суроолор келип, жооптор алынды.