«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

«Менин укугум» маалыматтык- укуктук радиоберүүсү даярдалууда

21 Декабрь 2015 жыл 15:37
Көрүүлөрдүн саны: 190

Суусамыр FM жамааттык үналгысы октябрь айынан баштап укуктук радиоберүү даярдап, эфирге алып чыгууда. Бул долбоор Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн» Обмен контентом» программасынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

image

Долбоордун алкагында айымдардын жана балдардын укугуна байланыштуу темалар тандалып алынды. Укук тууралуу суроолорго Бишкек шаарындагы Укук Борбору коомдук уюмунун юристи, адвокат Айжан Кадырова жооп берүүдө. Долбоордун аяктагандан кийин дагы бул уктуруу улантыла бермекчи. Ал үчүн айыл тургундары өз каалоолорун жана суроолорун радионун студиясына жөнөтүп жатышат.

Айзада Калканбекова