«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Окуучулар райондук баскетбол оюнунда жеңишке жетишти

21 Декабрь 2015 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны: 155

Суусамыр  айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин окуучулары  Жайыл районунда  өтүлгөн  баскетбол оюнуна  катышып, 3- орунга  ээ болуп келишти.

Бул боюнча  Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин  дене тарбия мугалими Ишембий уулу Нурмухамед  төмөндөгүлөргө токтолду:

» Биз буга чейин  15-декабрда  болуп өткөн өрөөндүк баскетбол оюнунан  1-орунга ээ болуп  районго  жолдомо алганбыз. Ал жактан кыздар арасындагы оюнда  15 мектептин ичинен  3-орунга ээ болдук. Ал эми балдарыбыз 4-орун алып келишти.Бул да болсо жакшы көрсөткүч деп ойлойм. »

image

Ал жактын кыздары да абдан жакшы ойношот экен , ошентсе да жакшылап ойногонго аракет кылдык -дейт  оюндун катышуучусу Кылым Намазбекова:

» Оюн №11  мектепте болду.Биз биринчи Сосновкалык кыздар менен  оюнга чыгып  аларды утуп, андан кийин  3-орунга ойнодук. Мектебибиздин намысы үчүн  болгон күчүбүздү жумшап ойнодук. »

image

Даярдаган: Зыйнат Самарбекова