«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда үч күн тынбай кар жаады

21 Декабрь 2015 жыл 15:21
Көрүүлөрдүн саны: 144

Суусамыр айылында үч күн бою тынбай кар жаады.Кардын  көлөмү 10 сантиметрге чейин жетти. Жылда декабрь айында жааган кар быйыл ноябрь айынын орто ченинде жаап, Суусамыр элине кыйынчылык алып келди.

image

Кардын жаашы айыл тургундарына кандай таасир тийгизгенин айыл тургуну Алиман Бурканбаева айтып берди:
» Жолдордун баары кар,тазаланган жок жолдо басыш кыйын. Сыртта  суук болуп жаткандыктан үйгө 3 маал от жагып жатабыз. »
Суусамырдан Карабалта шаарына эл ташыган унаа айдоочулар  жолдон кыйынчылык деле болгон жок дешти:
» Ош-Бишкек  унаа жолунда эч кандай кыйынчылыктар, унаа тыгындар  болгон жок,баары эле жакшы.Болгону Суусамырдан чыгып кеткенче жол жакшы эмес. »

image

Ал эми  айылдагы кар менен ойноп жаткан  балдар төмөндөгүлөрдү айтышты:
» Биз кар менен ойноп, кар киши жазсап жатабыз. Бизге абдан жакты.  Дагы кар жааса экен деп жатабыз».

image

Айыл тургундары учурда карды тазалоо иштери  жана малдарды тоодон айдап келүү иштери менен алек.

Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы