21-декабрда Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучулары башталгыч класста окуган бөбөктөргө жаңы жылдык маанай тартуулашты.
Орто мектептин президенти Назима Чыңгызова жаңы жылдык маанай «Ак тилек» уюму тарабынан ишке ашырылганын айтып жана төмөндөгүлөрдү кошумчалады:
«Кичинекей бөбөктөргө жаңы жылдык маанай тартуулап , аз да болсо көңүлдөрүн көтөрдүк деп ойлойм. Ар бир класстын окуучуларына Аяз ата ар кандай суроолорду берип, ырларын угуп аларга таттууларды таратып жатты. Жаңы жылдык маанайдын максаты кичине балдардын оюн угуу, көңүлдөрүн көтөрүү. » дейт Назима Чыңгызова.
Кичине балдардын ырларын угуп аларга белек таратуу мындан ары да улана бермекчи.
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы