«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Кусеин Көлбаев атындагы туннель жабылууда

25 Декабрь 2015 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны: 221

Бишкек-  Ош автожолундагы Төө ашуу ашуусунан өтүүчү Кусеин Көлбаев атындагы туннель оңдоп түзөө иштерине байланыштуу жабылып жатат.

image

Күнүгө саат 14:00 дон, 16:00 го чейин автоунаалар өткөрүлбөй жабылат.

image

Бул тууралуу ДЭП -9 кызматкери Улан Сарыгулов буларга токтолду:
» Туннелдин ичиндеги аба алмаштыруучу желдеткичтерди жаңыртып жаткандыгына байланыштуу жабылып жатат. Бул иш 30- декабрга чейин улантылат».

image

«Бардык жол жүргүнчүлөрүнүн эсине, жолго чыгарда убакытты карап чыгуу сунушталат»,- деп кошумчалады ал.

image

2 сааттан бери күтүп турган жүргүнчү,  Самат Адилбеков: » Жол жасалганы жакшы, бирок телевизордон эскертип коюшса жакшы болот эле» дейт.