Суусамыр айылында бала бакча жоктугуна байланыштуу ата-энелер кыйынчылык тартышууда. Мындан эки жыл мурун жеке менчик «Нур» бала бакчасы ачылганы менен ал кайрадан иштебей калган.
Бала бакча ачылса ата-энелерге жакшы болот эле дейт айыл тургуну ,мед айым Асель Жусупбек кызы:
«Азыркы учурда жолдошум экөөбүз тең иштейбиз,үйдө балдарды таштаганга эч ким жок.Ошондуктан балдарды туугандарыбызга таштоого туура келет, эгер бала бакча ачылса туугандардын колун кармабай, тиешелүү акчасын төлөп турсак бизге ыңгайлуу болот эле.»
Балдар үчүн бала бакчанын мааниси өтө чоң дейт Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин мугалими Шалпыкова Нургүл:
» Балдар бакчасы айыл жергесине да абдан керектүү нерсе. Өзгөчө мугалимдерге, дарыгерлерге жана башка иш менен алек болгон адамдарга. Ата энелери жумушка кеткенде өз убагында уктап , тамактанып ишеничтүү жерде каралат эле андан тышкары балдарды мектепке чейин окутуу, даярдоо өтө чоң пайданы алып келет деген ойдомун.»
Ал эми бала бакча маселеси боюнча Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Зоодан Асаналиевге кайрылганыбызда төмөнкүдөй жооп алдык:
«Бизде чындыгында бала бакча маселеси абдан чоң,биз бул боюнча «Арис» долбооруна кайрылганбыз.Жайыл районунан бир жылга 2 проект беришет. Бирөөсү минипроект деп коет 20миң доллардын тегерегинде бир проект анан 400миң доллардын тегерегинде подпроект жазышыбыз керек. Биз буга былтыркы жылдан бери катышып жатабыз. Жакында окутуулар да болот, ошондон биз 100 балл топтосок бала бакчаны куруу планын ойлонуп жатабыз. Бала бакча буюрса билим берүү министрлигинин астында иштейт ал эми комуналдык чыгымын айыл өкмөтү каржылайт.»
Айыл тургундары бала бакча курулуп калат деген чоң ишеничте.
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы