«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда күрөш боюнча мелдеш болуп өттү

26 Февраль 2016 жыл 17:15
Көрүүлөрдүн саны: 103

23-Февралда  Атамекенди коргоо  күнүнө карата Суусамыр айылында балдар арасындагы күрөш оюну болуп өттү.

IMG_20160223_152804

Мелдеш райондук деңгээлдеги турнир деп аталып,ага ар тараптан мыкты күрөшкөн мырзалар келишкен.Бул боюнча күрөштүн уюштуруучусу Абдиев Жээнтай төмөндөгүлөргө токтолду:

IMG_20160223_172826

«Мелдешке Суусамырдын мыкты атуулу Манас Карабаев демөөрчүлүк кылды. Оюнга Кара балта шаарынан 2 команда, Эриктүүдөн,Алексеевкадан жана Суусамырдан 4төн команда катышты.»

Мелдештин катышуучусу Фархат Өмүров:

«Күрөшкө катышуу максатым,биринчиден спорт денсоолукту чыңдайт дегендей денсоолукка кам көрүү, ал эми экинчиден өзүмдү коргоо.»,- дейт.

IMG_20160223_160511

Жыйынтыгында командалык эсепте жеңишке  Кара балта шаары ээ болгон.

IMG_20160223_170153

Даярдаган:Зыйнат Самар кызы,Нургиза Нурпаисова