«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Шахмат боюнча мелдеш уюштурулду

26 Февраль 2016 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны: 74

К.Конушбаев атындагы орто мектебинде шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.

IMG_20160211_152820

Мелдеш  7-11- класстар арасында  өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталды.Бул тууралуу аталган орто мектептин  дене тарбия мугалими Ишембий уулу Нурмухаммед билдирди:

:IMG_20160211_153546

«Мелдештин максаты мектеп окуучуларынын  интелектуалдык ой-жүгүртүүсүн өркүндөтүү жана окуучулардын компьютер телефондон алаксытып шахмат оюнуна кызыктыруу  болду.»

Оюндун катышуучусу Сактан Кабылбеков:

«Мелдеш абдан кызыктуу болду, атаандаштарым абдан күчтүү экен. Оюнда өзүм курактуу балдар менен таймашып,1-орунга ээ болдум.» дейт.

Белгилей кетсек, буга чейин мектеп ичинде шахмат боюнча мелдеш болгон эмес.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы