«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда мектептер аралык волейбол оюну уюштурулду

15 Март 2016 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны: 279

11-мартта Суусамыр айылында 5 мектепетин кыздар-балдар арасындагы волейбол оюну болуп өттү.

IMG_20160311_113734

Мелдеш Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде өтүп, жыйынтыгында  Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебинин балдары жана Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин кыздары жеңишке жетишип, облуска жолдомо алышты.

IMG_20160311_130130

Мелдештин жеңүүчүлөрү Рыскулбеков Кулан жана Рысбек уулу Дамир төмөндөгүлөрдү айтышты:

IMG_20160311_134147

“ Мелдеш биз үчүн абдан оор болду,ошентсе да жеңип чыгууга болгон күч аракетибизди жумшап ойнодук.Алдыдагы максатыбыз жакында боло турган райондук мелдешке катышып андан дагы жакшы орундарды багынтсак деген ойлорубуз бар.”

Спорт ден соолукка пайдалуу болгондуктан мындай оюндар Суусамырда көп-көптөн өткөрүлүп турат.

Даярдаган:Зыйнат Самар кызы