«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Мектеп окуучулары арасында «Сары өзөн чолпондору» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү

4 Апрель 2016 жыл 18:14
Көрүүлөрдүн саны: 212

2-апрель күнү Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде Жайыл районунан атайын келген буйруктун негизинде  «Сары өзөн чолпондору» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.Конкурс  8-11 класстар арасында өткөрүлүп 3 саатка созулду.

image

«Кароо-сынактын максаты келечек жаш муундарга кыргыздын эзелтен келе жаткан улуттук аспаптарын, салтын унутта калтырбай сактап калуусуна түрткү берүү»-дейт аталган орто мектептин уюштуруучусу Гүлмира Абдылдабекова.

image

Сынактын катышуучусу Сактан Кабылбеков:
«Конкурс абдан жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм. Мен бул сынакка чопо-чоор ойнодум жана элдик ыр ырдадым.»-дейт

image

Жыйынтыгында калыстар Ⅲ орунду 9-б классына, Ⅱ орунду 9-а классына ал эми Ⅰ орунду 10-класска ыйгарышты. Жыйынтык сөз менен бирге калыстар Сактан Кабылбековдун «Курманбек» деген темадагы дастан айтуусун, Айдай Сапарбек кызынын Манас айтуусун жана 9–б классынын улуттук кийимдерден мода көрсөтүүсүн эң жакшы номер деп белгилешти.

image

Даярдаган:Зыйнат Самарбек кызы