Суусамыр айылынын жалпы көчөлөрүнө ишембилик жасалды. Ишембиликке Суусамыр айыл өкмөтүнүн, милиция бөлүмүнүн жана башка мекемелердин жалпы кызматкерлери катышышты. Кыш айлары бүтүп, кар эригенден кийин таштандылардын жүзү ачыкка чыкты. Таштандылардын көпчүлүгү экологияга терс таасирин тийгизген целлофан баштыктары жана желим бөтөлкөлөрдүн калдыктары болуп чыкты.
Бул тууралуу Суусамыр айылынын айыл башчысы Марат Кулсереков айтып берди:
«Ишембилик жасоонун негизги максаты айылыбызды таза кармап ошону менен бирге башкаларга үлгү көрсөтүү. Жаратылышыбызды жана айылыбыздын тазалыгын сактасак, ден соолугубузга зыян келбейт. Азыркы учурда 3 көчө тазаланууда,алдыды дагы башка көчөлөргө тазалык иштерин жүргүзөбүз.»
Бирок айыл тургундары ишембиликке катышкан кээ бир мекемелер бөлүнгөн көчөлөрдү аягына чыгарбай тазалап кеткендерин айтышууда:
«Биздин айылда кышкысын таштанды көп чогулат. Себеби кардын арасында жата берип, кар эригенден кийин алар чыгат. Ишембиликке көз карашым түз,көчөлөрүбүз жакшы эле тазаланып калды. Бирок Байтурсунов көчөсү оорукана кызматкерлерине бөлүнгөн экен, анча тазалашкан жок.»,–дейт Нурпаис Садырбеков
Муну менен бирге айыл тургундары таза жаратылышта жашоо таза өмүрдүн булагы дешет.
Даярдаган: Айзада Калканбекова