«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

«Жаз-жарыш» радиопрограммасы жарык көрдү

4 Апрель 2016 жыл 20:42
Көрүүлөрдүн саны: 199

Суусамыр FM радиосунун эфиринде “Жаз — жарыш” аталышындагы сезондук радиопрограмма башталып, кечээ 3-апрелде биринчи эфирге чыкты.

20160403_142305[1]

Программа түз эфирде жүргүзүлүп, коноктор чакырылды. Жаздын келиши жана кардын кетиши менен айыл тургундары жазгы тазалоо иштерин баштагандыктан, биринчи ишембилик тууралуу маек жүргүзүлдү. Андан тышкары, жыл сайын мектеп окуучулары тарабынан өтүлүүчү музыкалык “Сары Өзөн чолпондору” сынагынын катышуучусу Сактан Кабылбеков кыргыздын улуттук аспаптарында кол ойнотту.

20160403_141551[1]

Ал эми, дем алыш күнүнө карата уюштурулган волейбол оюну боюнча уюштуруучусу Бурканбаев Үсөн Оросканович, түз эфирде таймаштын максаты тууралуу айтып берди.

20160403_143124[1]

Программанын соңунда радио кызматкерлери тегере стол өткөрүп, программанын жүрүшүн жана алдыдагы пландарын талкуулашты.

“Жаз- жарыш” программасынын кийинки темалары жазгы талаа иштерине арналат.

      ZHaz-zharysh-programmasy

Даярдаган: Айзада Калканбекова