«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Кожомкул айылында “Нандын жыты” аттуу конкурс-фестиваль болуп өттү

9 Май 2016 жыл 8:42
Көрүүлөрдүн саны: 120

20160508_123920[1]

8-майда Кожомкул айылында “Нандын жыты” аттуу конкурс-фестиваль болуп өттү. Бул фестивалга Суусамыр, Тунук, Кожомкул айылындагы айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү, активдүү айымдар катышты. Иш чараны “Демөөр” коомдук бирикмеси уюштуруп, байытылган унду колдонуу ден-соолукка пайдалуу экендигин даңазалашты.

20160508_124220[1]

“Демөөр” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айнагул Мураталиева иш чаранын максаты тууралуу мындай деди:

IMG_20160508_124214[1]

“Кыргызстанда туура тамактануу боюнча граждандык альянс түзүлгөн, ошол альянска биздин Демөөр коомдук бирикмеси да мүчө болуп катталган.Кыргыз Республикасынын 2015-жылы март айында кабыл алынган дан азыктары жана байытылган ун жөнүндөгү мыйзамды алдыга жылдыруу боюнча иш-чараларды  жүргүзүп жатабыз. Граждандык альянска мүчө болгон уюмдардын арасында гранттык конкурс жарыяланып, биздин уюм утуп алганбыз. Долбоордун негизинде бир күн семинар уюштурулуп, байытылган ун тууралуу кенен маалымат берилген. Семинардын катышуучуларынын арасынан тандалып, бүгүнкү конкурска катышып жатышат. Мындан ары пландарыбыз, байытылган унду өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүп, Суусамырда ярмарка өткөрүү, башкача айтканда , арзан баада байытылган унду сатуу. ”

20160508_125640[1]

Байытылган ундун ден-соолукка кандай таасири бар экендигин Суусамыр айылдык ден соолук комитетинин төрайымы Раиса Байгазиева айтып берди:

“Байытылган ундун ден соолук үчүн мааниси абдан чоң. Кош бойлуу айымдарда аз кандуулукту алдын-алуу үчүн жардам болот. Балдардын өсүшүнө да пайдалуу, богоктон сактайт, аз кандуулукту алдын алат.”

IMG_20160508_133209[1]

Конкурс-фестиваль 4 тапшырмадан туруп, өзун тааныштыруу, байытылган ун тууралуу сүрөт тартуу, суроолорго жооп берүү сыяктуу тапшырмалар берилди. Биринчи орундун ээси Замира Карыпова бул конкурстан өзү үчүн пайдалуу маалыматтарды алгандыгын айтты:

“Убакыттын тардыгынан толук даярданууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Бирок колдон келген аракеттерди жасадык. Бул иш чарадан мен өзүмө пайдалуу маалыматтарды алдым, байытылган ун тууралуу балдарыма айтып берем, алар башкаларга да айтышат. Андан тышкары биз айылдык ден соолук комитенинин мүчосү катары көчөлөрдү кыдырып, элдерге маалымат таратабыз.”

IMG_20160508_125347[1]

Конкурстун катышуучусу Тунук айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү  Нуржан Саякбаева конкурс эң жакшы өткөндүгүн белгиледи:

“Конкурс эң жакшы өттү. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Корүүчүлөр үчүн дагы пайдалуу болду деп эсептейм, анткени биздин максатыбыз байытылган унду жайылтуу болуп эсептелет.”

IMG_20160508_123831[1]

Мырзакматов орто мектебинин химия мугалими Жылдыз Бектурганова бул иш-чарага жумушсуз айымдар кызыгып катышып жаткандыгы кубандырат деген оюн билдирди:

“Мындай иш чара үйдө отурган айымдар үчүн эң пайдалуу. Анткени айыл жергесинде бул айымдарга эч ким көңүл бурбайт. Айымдардын келип ушул конкурска катышып жаткандыгы мени кубандырат.”

IMG_20160508_115052[1]

Даярдаган: Айзада Калканбекова, Зыйнат Самарбекова