«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Насыяны туура пайдалануу керек

15 Май 2016 жыл 10:38
Көрүүлөрдүн саны: 125

Азыркы учурда Кыргызстанда насыя берүүчү компаниялар ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү бизнести өнүктүрүү үчүн берилет. Суусамыр айылында насыя берүүчү үч уюм бар.

Айыл тургундарынын арасынан насыя албай эмгектенген адамдарды сейрек кездештиребиз. Насыя берүүчүлөрдүн эң биринчи талабы, насыяны максаттуу пайдалануу керек. Бирок кээ бир учурда насыяны туура эмес колдонуп, төлөй албай калган учурлар кездешүүдө.

Суусамыр айылындагы «Узар Дан» нан бышыруучу цехтин жетекчиси Сайнагул Маланова көп жылдан бери жеке ишкердүүлүк менен алектенет.

IMG-20160513-WA0009[1]

Ал ишкердүүлүк учун насыяны кылдаттык менен иштетүү керектигин айтты:

“10  жылдан  бери нан жабуу  менен алекмин. Быйылкы жылдан баштап   элдин  сунушу  менен Кадырбек  Конушбаев атындагы орто мектебиндеги  башталгыч  класстар учун коржик, пряник,  булочка  кошумча  жаап  баштадым. Мен дагы насыя  алам. Насыяны алгандан кийин  унга жумшайм. Бирок  азыркы учурда  насыянын  пайызы  абдан кымбат. Насыяны кайтаруу  мен  төлөөргө  10 күн  калганда чогултуп  баштайм. Насыя  алып  бизнес  ачуу дегенге мен көп  деле кошулбайм. Баары бир  өз  чөнтөгүндө  жарым  акчаң  болуш  керек”.

IMG-20160513-WA0006[1]

Айыл тургуну Нургуль Эркинбаева насыяны максатуу пайдалануу бул бизнестин өнүгүшүнө жол ачат деген пикирде:

“Насыяны  максаттуу пайдалануу дегенде  насыя алгандан кийин мал алышын керек, малды семиртип кайра стаып үстүнөн пайда тапса болот же болбосо насыя алып техника алсаң, аны сөзсүз пайда табуу үчүн жумшаш керек. Максаттуу пайдалануу дегенди мен ушундай түшүнөм”.

Жергиликтуу насыя беруучу уюмдун кызматкери Нурсултан Кубанычбеков насыялар кандай максаттарга берилип жаткандыгы тууралуу томондогулорго токтолду:

“Бизде чакан насыляалар 12500 сомдон баштап, 200 миң сомго чейин чакан насыя деп берилет. Күрөө коюлбайт, справкадагы малдын санына жараша беребиз. 200 миң сомдон жогору болсо күрөөгө үй, машина коюш керек. Жергиликтүү тургундар көбүнчөсү мал чарбачылыгы үчүн насыя алышат. Максатту пайдалануу бул насыяны эмнеге алса ошого пайдаланса, туура болот. Көбүнесе кардарлар насыя алып, аны карызга жумшап алып, анан кыйналып калып жатышат. Бизде жеңилдиктер каралган деле эмес, бардык кардарларга бирдей карайбыз.”

IMG-20160513-WA0008[1]

Насыя беруучу уюмдар келишим тузуп жатканда, бардык шарттарды кардарлар учун тушундуруп беришет. Ал эми насыяны алгандан кийин туура максатта колдонуу ар бир адамдын колунда.

      nasyyany-tuura-pajdalanuu_suusamyr

Даярдаган: Анарбек Калдыков, Зыйнат Самарбекова