«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Өрөөндүк «Акыл Ордо» сынагы жыйынтыкталды

24 Май 2016 жыл 6:38
Көрүүлөрдүн саны: 162

20- майда Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасындагы эң алдынкы окуучулардын арасында Акыл Ордо сынагынын финалы болуп өттү.

IMG_20160521_134140

Бул долбоорго Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк кылды. Долбоордун  уюштуруучусу кыргыз тили жана адабият мугалими Медетбек кызы Аида болду. Сынак адаттагыдай 3 турдан туруп, ар бир турдун аягында эң аз упай топтогон окуучу оюндан четтетилип жатты.

IMG_20160521_143606

Бул долбоорду колдогонунун эң негизги максаты окуучулардын келечекке, билимге болгон умтулуусун арттыруу дейт ЖК депутаты Тынчтыкбек Конушбаев:

«Акыл Ордо долбоору эң жогорку деңгээлде өттү. Жакшы даярдалган экен, суроолор да татаал, сынак абдан таза өттү. Бир жылдан бери 5 мектептин окуучулары арасында тандап келатып, бүгүн жыйыньыктап алдык. Менин байкоом боюнча окуучулардын билим деңгээли жогорулап жатат, райондук олимпиадалардва алдынкы орундарды да ээлешти. Бул долбоор максатына жетти деп айта алам. Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн арасында бюджеттик негизде окууга өз күчү менен откон окуучулар болсо, биз буга чейин берип келген стипендияларыбызды бере беребиз.»

IMG_20160521_145316

Долбоордун уюштуруучусу жана алып баруучусу Аида Медетбек кызы долбоордун уюштуруу иштери боюнча төмондөгүлөргө токтолду:

«Кичинемден эле Тынчтык агайдын стипендиясын алып  жүрчүмүн, агайдын жолун жолдоп окуучуларга көмөк көрсөтүү максатым бар эле. Мектепте иштеп баштагандан бери бул долбоорду иштеп чыгып, анан демөөрчү издеп баштадым. Мектеп директорлору менен макулдашып, анан Тынчтык агайдын кабыл алуусунда болуп, анын колдоосуна ээ болдум. Суроолордун бардыгын өзүм түздүм, көп издендим, бардыгы болуп 800 суроого туура жооп ала алдым. »

IMG_20160521_144103

Акыл Ордо сынагында бардык предметтер боюнча суроолор берилип, кругозорду кеңейтүү, логиканы өстүрүү багытында да суроолор болду. 5 окуучунун арасынан озуп чыккан К.Конушбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Жантай кызы Айзада сынакка даярдануу үчүн көп эмгек жумшагандыгын айтты:

«Көп китептерди, энциклопедияларды окуп чыктым. Интернеттен Акыл Ордонун видеосун корүп, кандай багытта суроолор болот экен деп карап чыктым. Сынак абдан таза өттү. Бардыгы буга күбө болушту. Мен белекке ноутбук, грамота менен сыйландым. Мурда мектеп ичинде утуп чыкканда смартфон белекке алгам.»

IMG_20160521_144027

Бул долбоордо абдан кыйын суроолор болду, мен да жооп бере алган жокмун дейт жеңишке ээ болгон Жантай кызы Айзаданын атасы Жантай Усекеев:

«Бүгүн кызым өз күчүн сынап көрдү. Абдан көп даярданды эле. Суроолор татаал экен. Баарыбызды ойлондурду».

IMG_20160521_113042

Даярдаган: Чынгызова Назима, Айзада Калканбекова