Акыркы убактарда өлкө ичинде доллардын курсунун кескин түрдө өзгөрүүсү жеке ишкерлерге, айыл тургундарына таасирин тийгизип жатат. Өлкө ичиндеги көптөгөн ишкердүүлүк доллар менен байланыштуу болуп жаткандыгы баарыбызга маалым.
(интернеттен алынган сүрөт)
Суусамыр айылында көп жылдан бери жеке ишкердүүлүк менен алектенген Гулина Арипжанова доллардын курсунун өзгөрүүсү өз ишине кандай таасирин тийгизип жаткандыгын айтып берди.
« 2002-жылдан бери дүкөн ачып иштетип элдин талап кылган товарларын сатып иш кылам.Биз дагы товарды доллар менен алабыз.Бирде кымбаттап бирде арзандап кетсе товарды сатуу кыйын болуп калат.Көпчүлүк деген көпчүлүк да ар кайсы сөздү айтышат, анын баарын көтөрүүгө туура келет. Эмнеге кымбаттап кетти, бираз мурун эле арзан эмес беле деп нааразы болушат.»
Доллардын курсунун өзгөрүүсү айыл тургундарын ашыкча чыгымга алып келген учурлар кездешүүдө. Бул тууралуу айыл тургуну Нуркан Бекжанов өз оюн мындайча бөлүштү:
« Мен жазында машина алайын деп жатканда, доллар көтөрүлөт деген элдин айтуусу менен акчамды долларга алмаштырган элем.Ошо менен бир жуманын ичинде базарга барсам доллар түшүп кетиптир.Мен ошондо 74 менен алмаштыргам кайра 65 ке түшүп кетиптир.Мен 200 доллар уттуруп жиберип бармак тиштеп отуруп калдым.»
Бишкек шаарындагы белгилүү банктардын биринде башкы эсепчи болуп иштеген Аида Кыязбекова акыркы учурда доллардын курсу канчалык деңгээлде өзгөргөндүгүн айтып берди:
« Жыл башынан бери доллардын курсу 1$ 76 болчу, ал эми азыр 1$ 68 сомго барабар болуп жатат.Доллардын курсунун өзгөрүшүндө бизнестик стабилдүүлүк жок болот.Доллардын курсунун өзгөрүшүнөн чет өлкөдөн келген товарлардын наркы да жогорулайт.Доллар менен иштеген кардарларга доллардын курсунун өзгөрүшү абдан терс таасирин тийгизет.»
Даярдаган: Анарбек Калдыков, Зыйнат Самарбек кызы