Суусамыр айылы тоолуу аймакта жайгашкандыктан өндүрүш жокко эсе. Айыл тургундары керектүү курулуш материалдарын Карабалта шаарынан ташып келүүгө мажбур болушкан. Төө Ашуу ашуусунан жүк ташуучу унаа менен алып келүү кыйынчылыктарды жаратып келген. Жергиликтүү ишкер мырза Элчибек Аманкулов пескоблок чыгаруучу жай ачкандан бери, айыл тургундары курулуш материалын Суусамыр айылынан алып калышты. Жыл өткөн сайын мындай ишкерлердин көп болуусу алыскы айылда жашаган адамдар үчүн ынгайлуу болууда. Ишкердүүлүгү тууралуу Элчибек мырза буларга токтолду:
“Мен 5 жылдан бери пескоблок чыгаруу менен алектенип келем. Элдин талап кылганын жасап баасын дагы 1сомго арзандатып берем. Эл дагы сапаты жакшы экен деп менден алып кетишүүдө. Пескоблок жасоодо өзүм баш-көз болуп канча кум, цемент, таш кошоорун айтып турам. Ар бир иштин кыйынчылыгы болот эмеспи, бул иштин кыйынчылыгы убактысында. Мисалы, убагында цемент же кум келбей калат. Ал эми ийгиликтерибиз, ушунун арты менен уулум шаарда үй салууда. Андан тышкары өзүбүз да үйдү ремонттоп, малга чөп, кышкысын көмүр алып жатабыз.”
Ачылган ишкана жаштарга жумуш ордун түзүп берүүдө. Учурда ишканада 3 адам эмгектенет. Алардын бири Аскат Карабалта шаарынан келип иштейт. Ал жетекчинин ишине ыраазы экендигин билдирди:
“Биз бул жака Чүйдөн келип, пескоблок чыгарып иштейбиз.Ушул үй-бүлөбүздү багалы деп иштеп жатабыз.Айлык акыбыз канча пескоблок чыкса ошого жараша алабыз.Кудайга шүгүр ыраазыбыз.Жана дагы тамак ашыбыз, жатаканабыз да бекер.”
Айыл тургундары Элчибек мырзанын ишине канааттанып, ушул сыяктуу ишканалар көп ачылса экен деген ойдо.Бул боюнча Сүйүмкан Аманова оюн мындайча бөлүштү:
“Аманкулов Элчибек пескоблок чыгарып биздин айылга абдан жеңилдик болуп жатат. Мурда шаардан бери жолуна төлөп, кымбат алып келчү элек. Азыр алыс барбай бул жактан 1-2 сомго арзаныраак алып жатабыз.”
Элчибек Аманкулов пенсионер. Бул ишти баштоо үчүн уулунун салымы чоң экендигин айтат. Келечекте уулу менен биргеликте ишкананы кеңейтип, шарттарын жакшыртсам деген ойдо.
“Келечекте пландар көп. Эми биз брусчатка чыгаралы деген да оюубуз бар.”
Даярдаган: Анарбек Калдыков, Зыйнат Самарбекова