«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Жаштар каржылык жактан сабаттуу болууга умтулушат

26 Сентябрь 2016 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны: 143

Бүгүнкү күндө ар бир жаш жаран өз алдынча аракет кылып, акча табууга кызыкдар. Көпчүлүк жаш үй-бүлөлөр үчүн турак жайга ээ болуу, билим алуу учун акча төлөө кыйынчылыктарды туудурат. Замандын талабына ылайык жаштар учурда каржылык жактан сабаттуу болууга кызыкдар.

Суусамыр айылынын тургуну Асель Жусупбекова турмушка чыкканына 3 жыл болду. Жолдошу экөөнүн бир баласы бар. Асель жана жолдошу айылдык ооруканада эмгектенишет. Алардын үй-бүлөлүк бюджети айлык маяна менен толукталат. 2015-жылы алар 3 бөлмөлүү үй сатып алышкан. Үй сатып алууда Аселдин үй-бүлөсү каржы маселесин кантип чечкендигин мындайча бөлүштү:

img_20160915_171319  

“Биз үй сатып алууда,мал жандыктардан саттык,өзүбүздүн  чогулткан акчабыз бар эле,  андан тышкары насыя алып үйлүү болуп отурабыз.Насыяны алгандан кийин аны төгүү керек да.Жолдошум экөөбүз айлык маянабыздан алдын ала алып койчубуз.Менин тапканым насыя төлөөгө кетсе, жолдошумдуку үй-бүлөөнү каржылаганга кетчү.Ал эми азыркы жаштардын каржылык сабатуулугу өтө жакшы деп ойлойм.Өздөрүнүн тапкан акча каражаттарын үнөмдөп машина алайын, үй алайын деп ойлонуп абдан жакшы  өздөштүрө алышат.”

24 жаштагы Нурсултан Суусамыр айылында жашайт жана банк адиси болуп эмгектенет. Анын айтымында, учурда жаштардын каржылык сабаттуулугу жогору деген ойдо:

img_20160915_154940

“Каржылык сабатуулук деп тапкан акчаны үнөмдөп, керектүү жактарга жумшай билүү деп ойлойм, жана азыркы жаштардын каржылык сабатуулугу жакшы деңгээлде.Мен мурда студент болуп жүргөндө акчамды ойлонбой туруп керексиз жактарга жумшачу элем.Азыр үй-бүлөө куруп калгандан кийин тапкан айлык маянамды сарптап колдонуп калдым.Андан тышкары менин дос балдарым да акчаны туура колдонгонду жакшы билишет.Жакшы жерлерде иштеп, ата-энелерине жардам беришет.”

Айдай Туркебекова учурда Бишкек шаарында студент. Бирок ал окуп гана журо бербестен, уй булодо апасына жардам кылуу учун жана кесипкойлугун жогорулатуу учун Суусамыр айыл окмотундо салык кызматкери болуп иштеп жатат. Жаштардын каржылык сабаттуулугу боюнча ал мындай деди:

img_20160915_152941

“Мен азыр туруктуу жумушта иштеп калгандан бери, акчаны үнөмдөп туура пайдаланып калдым.Өзүңдүн маңдай териң менен тапкан акчаны  ойлонуп жумшап калат экенсиң.”

      zhashtar-karzhylyk-zhaktan-sabattuu_suusamyr

Даярдаган Анарбек Калдыков