«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча семинар болуп өттү

11 Октябрь 2016 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны: 167

2016-жылдын октябрь айында Тажикстан республикасынын Кайраккум шаарында “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жок кылуу” темасында семинар болуп өттү.

img_6660

Семинарга Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арада жайгашкан жамааттарынын өкүлдөрү,  Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунун администрация башчылары, ӨКМ адистери жана журналисттер катышты. Семинар ЕККУнун жана Интерньюс өкүлчүлүгүнүн уюштуруусунда болуп өттү.

img_6665

Семинардын экинчи күнү чек арада жайгашкан Маданият айылында болгон сел каптоонун кесепеттери кандай жоюлду жана алдын алуу үчүн кандай иштерди алып барып жаткандары тууралуу билүү үчүн аталган айылга катышуучулар барып келишти.

img_6682

img_6712

img_6713

Айыл тургундары, жамааттын аксакалдары жана жергиликтүү администрация башчылары, окуучулар жана мугалимдер сел каптоо кандай болгондугун жана алдын –алуу иштерин кантип алып бараарын айтып беришти. Катышуучулар менен ой-пикир алмашып, суроо –жооптор менен толукталды.

img_6723

Семинардын жүрүшүндө группалык иштер, презентациялар жана практикалык иштер менен коштолду. Өзгөчө кырдаалдар учурунда массалык маалымат каражаттары кантип иш алып баруу керек жана кайсы учурларга көңүл буруусу зарыл экендиги талкууланып, презентациялар жүргүзүлдү.

img_6751

img_6754

Аягында катышуучулар достук мамилеге жетишип, бири-бири менен байланыш жолдорун талкуулашты

      сти бедствия-аудио

Даярдаган: Айзада Калканбекова

Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Калканбекова Айзаданын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин  көз карашын чагылдырбайт.