«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Мектептин жылуулук системасы жаңыртылып жатат

19 Октябрь 2016 жыл 8:31
Көрүүлөрдүн саны: 129

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин жалпы жылуулук системасы жаңыртылып жатат. Буга чейин мектептин жылуулук системасы кышкы суукта үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктарды туудуруп келген.

img_6870

3 кабаттуу мектептин Суусамыр айылынын кышкы -40 градус суугунда жылуу кармап туруу оңой иш эмес. Быйыл 2016-жылы бул иш колго алынып, эми жаны жылытуучу системалар орнотулуп баштады. Жылытуучу системаларды мектепке орнотуп жаткан ишкананын электро монтажеру Улан Жоошбаев буларга токтолду:

img_6872

“Мурдагы суу менен иштеген электр жылыткычтары мектепти жакшы жылыта албагандыктан, азыр электроконвектор коюлуп жатат. Жылытуу күчү жакшы, керамика болгон үчүн ысыкты жакшы кармайт. Мектептин бардык кабинеттерине залдарына коюлуп жатат. Класстын аянтына жараша чоң кичине болуп коюлат. Буюрса октябрдын аягына чейин коюлуп бүтөт. Биз азыр монтаждарын коюп жатабыз, эми  жылыткычтар алынып келип, орнотулат.”

img_6868

img_6869

Суусамыр айылдык аймагынын башчысы Урмат Отунчиев иш-чара Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, негизинен мамлекеттик бюджеттен каржыланып, айылдын бюджетинин дагы салымы бар экендигин билдирди.

Даярдаган: Айзада Калканбекова, Зыйнат Самарбекова