«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Өрөөндөгү эң мыкты мектеп премьер-министрлери аныкталды

14 Ноябрь 2016 жыл 19:50
Көрүүлөрдүн саны: 290

Суусамыр өрөөнүндөгү 5 орто мектептин премьер-министрлер Суусамыр радиосунун түз эфиринде күч сынашып, “Эң мыкты премьер-министр” наамын 1-Май айылынын Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин премьер-министри жеңип алды.

img_7150

Бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан каржыланып жатат. Радиовикторинада мектеп премьер-министрлери өзүнүн иш -пландары менен бөлүшүп, ар тараптуу суроолорго жооп беришти. Катышуучуларды мектептин окуу тарбия боюнча директордун орун басарлары, ата-энелери коштоп келишти.

img_7135

Эң мыкты премьер-министр наамын багындырган Жанбулат Жумабеков кубанычын жашырбай, долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди:

“Бул конкурс жогорку деңгээлде өттү. Окуучулардын билимге болгон умтулуусун жогорулатты. Бул сынактын жыйынтыгында сөз байлыгымды өнуктүрдүм десем болот, себеби, конкурска абдан жакшы даярдангам.”

img_7139

Жанбулатты коштоп келген апасы Зейнегул Жумабекова өз оюн билдирди:

“Бүгүнкү сынактын деңгээли жакшы өттү, баалар туура берилди, калыс болду деп ойлойм. Даярдаган Кыял эжесине рахмат, анан эң башкысы Конушбаев Тынчтыкка ыраазычылык билдирем. Балдардын билимин көтөрүү үчүн кызыктуу долбоорлорду өткөрүп жатат, рахмат.”

С.Мырзакматов атындагы орто мектебинин премьер-министри Таштемир Жекшенов утулуп калганыма окүнбөйм, мен үчүн абдан кызыктуу конкурс болду дейт:

“Бул конкурска катышып, билимди тереңдетүү керек экен деген жыйынтыкка келдим, көп окуш керек экен. Орун албасам да, катышканым үчүн абдан кубанычтамын,кызыктуу болду.”

img_7142

Сынак түз эфирде 2 жарым саатка уланып, ортосунда бир музыкалык тыныгуу менен коштолду.

Жыйынтыгында С.Карабеков атындагы орто мектебинин премьер-министри 1-орун, К.Конушбаев атындагы орто мектебинин премьер-министри 2-орун, Түркмөн орто мектебинин премьер-министри 3-орунга ээ болду.

img_7145

Сынактын аягында жеңүүчүлөр ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми белектер менен май айындагы жыйынтыктоочу аземде сыйланышат жана жеңүүчүлөр КРнын Жогорку Кенешине маалыматтык турга барып келишет.

Даярдаган: Айзада Калканбекова