Суусамыр өрөөнүндө январь айынан баштап суук күч алып айыл тургундарына жана окуучуларга көптөгөн кыйынчылыктарды алып келди.
11-январга чейин деп айтылган кышкы эс алуу дагы бир жумага узартылган. Себеби, Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы -45 градуска чейин көтөрүлүп жатканы болду. Бүгүн кайрадан райондук билим берүү бөлүмүнө сууктун дагы эле күчөп жаткандыгы тууралуу билдирүү берилип, окуучулардын эс алуусу 19-январга чейин дагы узартылды.
К.Конушбаев атындагы орто мектебинин мугалими Нургуль Алияскарова бул тууралуу мындай деди:
“Алыс жерде жашаган окуучулар бар. Буга чейин буту-колун үшүтүп жиберген балдар да болгон, ошондуктан алдын-алуу үчүн каникул дагы узартылды. Учурда суук айыл ичинде -40 градус, айдарым жерлерде -45 градустан жогору болуп жатат. Кичинекей балдар суукка туруштук бере алышпайт да.”
Мектеп окуучусу Сактан Кабылбеков:
“Биз эртең менен мектепке барып-келгенче беттерибиз бууланып, чымырап кетет. Ботинкам да былтыркы болчу, суук өткөрүп жатат. Каникул узартылганы мага абдан жакты, баарына эле ыңгайлуу болду.”
Сууктун катуу болушу бир гана окуучуларга гана эмес, мал багууга жана көмүрдүн көп сарпталып жаткандыгын Сайнагүл Маланова билдирет:
“Мектепке балдар келе албайт, анткени үйүбүз алыс. Мурунку жылдарда беттерин үшүтүп жибергендер болгон. Бизде быйыл өтө катуу суук болуп жатат, үйлөр жылыбай, көмүр көп жагылып, чыгымга учурап жатабыз.”
Суусамыр өрөөнүндө 5 орто мектеп бар, алардын бардыгында 19-январга чейин окуу процесси жүргүзүлбөйт.
Даярдаган: Зыйнат Самарбекова
Мыкты макала сынагы үчүн