«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Кыргызстандагы саналуу метеостанциялардын бири Суусамырда жайгашкан

16 Январь 2017 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны: 165

Кыргызстанда 30дан ашык метеостанция бар болсо, алардын бири Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан.

IMG_20170116_154847

IMG-20170116-WA0002

Метеостанция 1962-жылдан бери иштейт жана анда 5 адам  алардын ичинен 3 радист, 1 агроном жана жетекчи кызмат кылат. Негизги милдети Суусамырдагы агро жана аба ырайы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын ӨКМ алдындагы  гидрометеорология боюнча агенттикке жеткирүү. Метеостанциянын  аткарган кызматы жана андагы кыйынчылыктар  тууралуу   жетекчиси метеоролог  Даниил Сапышев айтып берди:

IMG_20170116_155540

-Метеостанциянын бир күндүк иши жөнүндө айтып берсеңиз?

-Биздин бир күндук ишибиз эртең мененки саат  5:30 да башталат.Атайын байкоочу эртен менен туруп бир сутка бою байкоо жүргүзөт. Негизгиси аба ырайынын температурасына, нымдуулугуна,  басымына  шамалдын багыты жана булутка жооп берет. Андан тышкары огроном жана кызматкер ар бир 10 күн сайын каарды өлчөөгө чыгып турат.Алар каардын калыңдыгына байкоо жүргүзүшөт.

IMG-20170116-WA0008

-Метеостанцияда иштөөдө кандай кыйынчылыктар бар?

— Бизде негизги кыйынчылыктар көп эле.Мисалы  24 саат бою метеоролог кандай гана кырдаал болбосун байкоо жүргүзүп турушу керек. Андан тышкары кар өлчөө дагы бир топ кыйынчылыктарды жаратат.Жакында эле -38 градус суукта биз 6км жөө басып  кардын абалын текшерип келдик.Бирок катуу суук болуп жатса да биз иштөөгө милдетүүбүз.

IMG_20170116_154847

-Метеостанцияда кандай жаңылануулар бар?

-Ар бир адам өзү каалаган жердин аба ырайын билүү үчүн айына 38сом төлөп бизге катталса болот жана алдын ала аба ырайы тууралуу маалыматты телефонуна смс билдирүү аркылуу ала алат.

IMG-20170116-WA0013

IMG_20170116_154415

      метеостанция

Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы

Мыкты макала сынагына