
Суусамыр айылынын бийиктен көрүнүшү. 2016-жылы кыш айларында жааган кардын калыңдыгы 1 метрге жетет.


Балдардын жакшы көргөн жери. Бош убакыттарында ушул жерге келип, муз тээп ойношот.

Кыштын ызгаардуу күндөрүндө автооунааларды айдап чыгуу кыйынчылыктарды туудурат жана жолдор дагы тоңуп тайгалак болуп калат. Ат чана Суусамырда эң маанилүү унаа каражаты.


Быйыл абанын температурасы -40 градуска жетип жаткандыгына байланыштуу, балдар каалашынча муз тебе алышкан жок. Ошондуктан бул дөбөдө быйыл балдар аз.

Муз тебүү учурунда шам-шум да этип алуу керек, биз балдар сууктан коркпойбуз…


Суусамырда негизги тиричилик мал багуу. Түштөн кийин малды сугарып, чөп салуу мезгилинен бир үзүндү…
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы, Байтур Кадыржанов
Мыкты сүрөт сынагы үчүн