«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр айыл аймагынын башчысы шайланды

30 Январь 2017 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны: 190

27- январда Суусамыр айылдык кеңешинин 2-отуруму болуп өттү. Отурумга бардык 21 депутат катышты. Күн тартибинде 3 маселе каралып, регламентти бекитүү, ар кандай маселелер жана Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду.

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Биринчи маселе боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жүрүм-туруму, сессияны калтырбай келүү, кечикпей келүү, кезек менен сүйлөө, отурум учурунда телефондор менен сүйлөшпөө деген эрежелер кабыл алынды. Андан тышкары себепсиз удаа 3 жолу сессияга келбеген депутат өз каалоосу менен депутаттык мандатын өткөрүп берсин деген пунктту кабыл алышты.

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Ар кандай маселелер боюнча депутаттар өз ойлорун сунушташты:

Индусбеков Калыйнур кийик-эликтерди атылып жоголуп бара жаткандыгын баса белгилеп, ушул маселени чечүүнү сунуштады.

Ислан Карымшаков, мектептер бир сменге өткөндүгүнө байланыштуу, парталар жана отургучтар жетишпей жаткандыгын баса белгиледи.

Карабаев Манас,таза суу маселесин көтөрүп чыкты жана мектептпеги балдардын ысык тамагы боюнча койгой бар экендигин айтты, тактап айтканда идиш аяктардын тазалыгы, берилип жаткан булочкалардын эски берилип калгандыгы  баса белгиленди.

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Жыргалбай Бектуров, Тунук айылындагы эски мектептин имараты кимге таандык экендигин аныкташ керектигин жана ал имаратка бала бакча ачуу муктаждыгы бар экендигин белгиледи.

3- маселе боюнча Суусамыр айылынын өкмөт башчысын шайлоо болду. Шайлоого Жайыл райондук территориалык шайлоо комиссиясынан 12 киши келип катышты. Биринчиден, депутаттар мандаттарын ала электигине байланыштуу ,убактылуу күбөлүктөр тапшырылды жана шайлоого укук алышты.

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталып, 26-январда Балтабаев Таалайбек талапкерлигин алып койгон. Ошентип, шайлоого 2 талапкер Абдиев Урмат жана Отунчиев Урмат катышты. Эки талапкер шайлоонун алдында өзүнүн программалары менен тааныштырышты.

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Андан кийин бардык 21 талапкер кезек менен чыгып, өзү туура коргон талапкерине добуш берди. Натыйжада Абдиев Урмат 9 добуш, ал эми Отунчиев Урмат 12 добуш ала алды. Территориялык шайлоо комиссиясыынын төрайымы токтомду окуп, Отунчиев Урмат айыл өкмөт башчылыган шайланды деп жарыялады.

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Суусамыр FM  радиосу айрым депутаттарга өзүнүн пландары жана сессиянын жүрүшү боюнча микрофон узатты. Кожомкул айылынын депутаты Бакталбек Жумалиев кайсы маселелрди көтөрүп чыгып, чечүүгө белсенип жаткандыгын айтып берди.

Кызыл Ой айылынын депутаты Чынтемир Артыкбаев бүгүнкү сессия ачык айкын өттү деген ойдо.

      жергиликтуу кенеш

“Бүгүнкү сессия ачык-айкын жана таза өттү, депутаттар ынтымактуу. Мындан ары дагы биргеликте көп иштерди жасайбыз деп ойлойм”.

Даярдаган: Айзада Калканбекова

мыкты макала сынагы үчүн