«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Алмата шаарында кышкы журналистика мектеби болуп өттү

20 Февраль 2017 жыл 7:49
Көрүүлөрдүн саны: 131

2017-жылдын Февраль айында Бүткүл дуйнөлүк радио күнүнө карата Алмата шаарында “Эл аралык кышкы журналистика жана коммуникация мектеби” уюштурулду.

Бул мектепке Казакстандын ар кайсы тарабынан студенттер жана тажрыйбалуу журналисттер келишкен жана Кыргызстандан БГУнун жана Эл аралык университеттин журналистика факультетинин студенттери жана профессорлор катышышты.

20170210_123743

Кышкы мектепти уюштуруунун башкы өнөктөшү Алмата шаарындагы ЮНЕСКОнун кластердик бюросу жана Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университети болду. Кышкы мектептин программасы 3 күнгө уланып, тажрыйбалуу журналисттер жана адистердин лекциялары жана практикалык иштери менен коштолду.

20170209_122140

Бүткүл дүйнөлүк радио күнүнө карата Алмата шаарындагы ЮНЕСКОнун кластердик бюросунун коммуникация жана маалымат бөлүмүнүн адиси Сергей Карпов, Кыргызстандагы жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана алардын милдети тууралуу кенен токтолуп, башка өлкөлөргө да үлгу катары өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. Андан тышкары Кыргызстандагы жамааттык ЖМКлардын биринчи чыгарылган китебине да кенен айтып берди токтолду.

20170210_100824

Бишкек Гуманитардык Университетинин окутуучусу Айжан Бактыбек кызы өтүлгөн мектеп боюнча оюн мындайча белгиледи:

“Бул кышкы мектептин студенттер үчүн чоң пайдасы бар. Анткени, жаңы чыгып жаткан программаларды жана тиркемелерди үйрөнүп келишти. Андан сырткары башка коңшу өлкөлөрдөгү ЖМКлардын ордун жана ролун байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Биз жыл сайын катышабыз. Тил айырмачылыгы гана кыйынчылык жаратты, антпесе бардык сессиялар абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. ”

FB_IMG_1487221796014

Кыргызстан эл аралык университеттин журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Аида Талантбекова кышкы мектептин эң пайдалуу болгондугун баса белгиледи:

“Интернетти туура колдонуу, пайдалуу маалымат булактары тууралуу биле алдым. Келечектеги журналисттер үчун бул абдан маанилүү.  Андан тышкары радио тууралуу кенен маалымат ала алдым. Бул кышкы мектеп дагы бир жолу 21-кылым бул жаңы технологиянын заманы экенин тастыктады. Эң негизгиси, журналист бул фактыга таянып, обьективдүү маалыматты бергенге милдеттүү.”

FB_IMG_1486828776372

Кышкы мектеп тажрыйбалуу журналист жана тренерлердин пайдалуу маалыматтары менен коштолду. Акыркы күнү бардык катышуучуларга күбөлүктөр, сертификаттар жана албетте белектер таратылып, жакшы маанайда жыйынтыкталды.

Айзада Калканбекова