«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Өрөөндөгү эн мыкты мектеп маданият жана маалымат министрлери аныкталды

1 Март 2017 жыл 13:52
Көрүүлөрдүн саны: 210

 Суусамыр өрөөнүндөгү 5 орто мектептин   маданият  жана маалымат  министрлери  Суусамыр радиосунун түз эфиринде күч сынашып, ’’Эн мыкты маданият жана  маалымат  министр’’  наамын  Кожомкул  айылынын Сапарбек Мырзакматов  атындагы орто мектебинин маданият жана маалымат министри жеңип  алды.

IMG_20170214_165152

 Бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан  каржыланып, радиовикторинада  мектеп маданият жана маалымат министрлери өзүнүн иш-пландары менен тааныштырып ,ар тараптуу суроолорго жооп беришти. Катышуучуларды мектептин окуу тарбия боюнча директордун орун басарлары жана ошондой эле мектеп окуучулары колдоп келишти.

 Эң мыкты маданият жана маалымат министр наамын багындырган Маликова Бегимай сүйүнүчүн жашырбай,  өз оюн билдирди;

IMG_20170214_163501

‘’Бул конкурстун деңгээли мыкты өтүп,баардыгы калыс болду. Даярдаган эжелериме, ыраазычылыгымды  билдирем.Бул сынакка аз гана убакыттын ичинен  даярданып, жеңишке жеткениме абдан  кубанычтамын’’.

 Ал эми  Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин окуучусу Уметалиев Султан 2-орунга ээ болуп төмөнкүлөргө токтолду:

IMG_20170214_163308

‘’ Баардык катышуучулар өз билгенине жараша так, даана өттү. Бул конкурстан өз милдеттеримди дагы да жакшы биле алдым жана ошондой эле бул жактан жоопкерчиликтүү  болу керек  экенин билдим’’.

Сынак  туз эфирде 2 жарым саатка уланып, ортосунда музыкалык тыныгуу болду. Жыйынтыгында С.Мырзакматов атындагы орто мектебинин маданият жана маалымат министири 1-орун,

IMG_20170214_164326

И.Бегимкулов атындагы орто мектебинин маданият маалымат министири 2-орун ,С.Карабеков атындагы орто мектебинин маданият маалымат министири 3-орунга ээ болушту.IMG_20170214_164442

 

Сынактын аягында жеңүүчүлөр ардак грамотасы менен сыйланышты.Ал эми белектер менен май айындагы жыйынтыктоочу аземде сыйланышат жана жеңүүчүлөр КРнын Жогорку Кеңешине маалыматтык турга барып келишет.

Даярдаган: Ачыкова Умсунай