«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Айылдар аралык “Ыр-кесе” долбоору болуп өттү.

1 Март 2017 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны: 204

24-февралда Суусамыр айылында 5 айылдын (Тунук, МЖС, Май,Кожомкул, Кызыл-Ой ) арасында өткөрүлүп жаткан “Суусамыр айыл таланттары” деген темадагы ыр-кесе болуп өттү.

IMG-20170225-WA0071

IMG-20170225-WA0076

Ыр-кесени Тунук айылынын таланттуу жаштары баштап, өз өнөрлөрүн элге тартуулашты. Өткөрүлүп жаткан ыр-кесе долбоорунун максаты тууралуу Суусамыр айылдык маданият үйүнүн жетекчиси  Талант Асаналиев төмөндөгүлөргө токтолду:

талант агай

“ “Ыр-кесе”  концертинин максаты  облустук, райондук деңгээлге чыга турган айыл ичиндеги таланттуу, өнөрлүү жаштарды алып чыгуу. Андан тышкары быйыл 2017-жыл адеп, ыйман жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу маданиятка салым кошуу да максаты бар.”

IMG-20170225-WA0077

Ыр-кесеге баштан аяк 4 адам өзүнүн калыстыгын көрсөтүп, алардын катарын мектеп мугалимдери Шамыркулов Тилекбек, Сурмакан Назарбекова  жана ар бир айылдын айыл башчылары толукташты. Калыстар тобунун төрайымы Сурмакан Назарбекова да өз оюн билдирип өттү:

“Бүгүнкү  “Ыр-Кесе” долбоору абдан жакшы деңгээлге өттү.Тунук айылында абдан көп таланттуу жаштар бар экен.Андан тышкары албетте кемчиликтер да болду. Кийинки өткөрүлүүчү ыр-кеселерде ал кемчиликтер эске алынат деген ойдобуз.”

Эскерте кетсек ыр-кесе долбоорунун  кийинки бөлүгүндө Май айылынын жаштары 10-мартта өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы