«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда Нооруз майрамы болуп өттү

22 Март 2017 жыл 15:33
Көрүүлөрдүн саны: 188

Үстүбүздөгү жылдын 21-март күнү, Суусамыр айылында жаркыраган жаз майрамдарынын башаты катары белгилүү болгон, Нооруз майрамы майрамдалды.Бул майрамда бардык мусулмандар майрамдашып,ар кандай даамдарды ушул майрамда жасашат эмеспи, анын ичинен Суусамыр эли да  нооруз майрамын шаңдуу өткөрүп алышты.

 

20170321_115527

Бул жылы айылдын 1984-жылкы  балдары майрамды өз колуна алып элге жагымдуу маанай тартуулап беришти. Концерт башталып, айыл башчысы сөз сүйлөө менен ачылды. Майрамда ар кандай оюн-зооктор, ыр –күлкүлөр,спорттук күч сыноолор, айтыштар ж.б менен коштолду. Кезектеги Нооруз майрамы өзгөчө болорун бирок  сүмөлөк жасалбаганын айтып, айыл өкмөтүнүн башчысы Отунчиев Урмат Шайлообекович буларга токтолду: “Адаттагыдай эле Нооруз майрамы өз шааниси, өз нугу менен менен өтүп жатат. Мурда мекемелер, айыл өкмөтү Нооруз майрамын өткөзүп келишсе, быйыл өзгөчөлөнүп 1984-жылкы эр азамат жигиттери  биринчи жолу көтөрүп чыгышты. 1 жылкы, 2 кой союлду андан тышкары айыл өкмөтүнүн байге фонду 25 миң сом болду. Ат чабышка 11миң сом, кунан чабышка 11миң сом бөлүндү.”

20170321_111011

Майрамда концерт оюн-зооктор менен коштолуп,анын ичинен чака чапмай,аркан тартыш сыяктуу ар кандай спортук мелдештер өткөрүлүп акчалай байгелер өздөрүнүн ээлерин тапты.

 

20170321_120022

Калк арасынан Суусамыр FM радиосунун толкуну аркылуу элге куттууктоо айткан адамдар болду.Алардын бири Суусамыр айыл өкмөтүндө көп жылдан бери налог инспектору болуп эмгектенген Рима эже “Мен жалпы эле Кыргызстанда болуп жаткан Нооруз майрамы менен бүткүл кыргыз элин куттуктайм ошону менен бирге эле Суусамыр элин дагы куттуктайм, токчулук молчулук болсун”,-деген тилегин айтты.

20170321_111137

Суусамыр айылынын тургуну журналист, акын, жазуучу жана спорт чебери Абдиев Жээнтай, “Урматтуу Суусамыр элинин тургундары! Барыңыздарды кирип келген Нооруз 2017-жыл жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жылда баарыңыздарга бакыт таалай каалайм”,-деген кубанычтуу куттуктоосун айтты.

20170321_123921
Нооруз майрамы эки сааттык концерттик программасы менен коштолуп, уюштуруучулар айыл адамдарын коноктошту. Нооруз майрамы кечки саат 17:00 дө ат оюндары менен жыйынтыкталды.

Даярдаган: Умсунай Ачыкова