27-28-майда Бишкек шаарында ЖМБлар жана Жамаатык үналгылар үчүн 2 күндүк тренинг өткөрүлдү.

Тренинг Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп Борбордук Азиядагы “FRIEDRICH EBERT” фонду тарабынан каржыланды. Өтүлгөн семинардын максаты келе жаткан президенттик шайлоодо ММКнын үгүт иштерин жүргүзүү үчүн аккредитациядан өтүү жолдору туурасында жана журналисттин шайлоо учурундагы орду туурасында кененирээк маалымат берүү болду.

Семинарда оз ишин мыкты билген тренерлер, «Журналистер» коомдук бирикмесинин торагасы, медиа-эксперт Марат Токоев жана «Медиа онуктуруу борбору» коомдук фондунун юристи Нуржан Мусаева катышуучуларга коптогон жакшы маалыматтарды беришти.
Тренингддин катышуучусу, “Кара-Чий” ЖМБнын координатору Шаршенбек Акматов семинар эң жакшы денгээлде өткөндүгүн айтты:

“Биз семинардан пайдалуу, керектүү көп нерсени билдик. Шайлоо учурунда кандай каталарды кетирбеш керек экендигин, маалыматты элге туура жеткирүү боюнча кененирээк билип алдык. Эми бул нерселерди иш жүзүндө колдонобуз.”
Ал эми тренингдин дагы бир катышуучусу “Көнөк” ЖМБнын жетекчиси Жанар Алгожоева да өз ою менен бөлүштү:

“Биринчиден тренингдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип кетем. Биз семинардан шайлоо учурунда элге так маалымат жеткирүү менен бирге өзүбүзгө кандай пайда алып келсек болоорун үйрөндүк.”
Андан тышкары “Жал” ЖМБнын жаш журналисти Дастан Жаркымбаев:

“Мен бул тренингден кошумча билим, өзүмө дагы долбоорго да пайдалуу маалыматты алдым. Уйронгон нерселеримди практика жүзүндө ишке ашырганга жана башкалар менен бөлүшкөнгө аракет кылам.”,-дейт.
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы